Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинде Мирбек Мамбеталиевди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Гуля Кожокулова өлкөдөгү маданиятты өнүктүрүү жаатындагы маселелерди көтөрүп, аймактардагы маданият объекттерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады. Депутат Дастан Бекешев маданияттын абалына токтолуп, улуттук маданиятты өнүктүрүү үчүн заманбап ыкмаларды, жасалма интеллектти жана жаңы технологияларды колдонуу зарылдыгын кошумчалады.
Талкуунун жыйынтыгында комитет Мамбеталиевди маданият министри кызматына дайындоого макулдук берүүнү Жогорку Кеңешке сунуштады.