Франциядагы орус консулдугундагы жарылуу: Полиция эки шектүүнү кармады

Марселде Орусиянын башкы консулдугундагы жарылууга тиешеси бар эки шектүү кармалды. Алар 48 жана 59 жаштагы Украинадагы кырдаалга каршы өткөрүлүп жаткан митингдин катышуучулары болуп чыкты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, кармалгандардын бири жарылуучу заттарды дипломатиялык корпустун короосуна ыргыткан. Алар мурун сот жообуна тартылган эмес.

Учурда иш козголуп, прокуратура тарабынан тергөө жүрүп жаткандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Орсиянын Франциядагы консулдугунда жарылуу болгондугу айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан