Бүгүн, 25-февралда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети Мирбек Мамбеталиевди маданият министри кызматына дайындоого макулдук берүүнү Жогорку Кеңешке сунуштады. Эми анын талапкерлиги эртең парламенттин жалпы жыйнында каралат.
Президент Садыр Жапаров 21-февралда Мирбек Мамбеталиевди маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу кылып дайындаган.
Мамбеталиев Мирбек Кемелович 1980-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган.
Эмгек жолун Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Ишкердикти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиясы, финансы-экономика бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматынан баштаган.
Андан соң “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” акционердик коомунун финансы-экономика бөлүмүндө жетектөөчү адис, башкы адис, сектор башчы, бөлүм башчы кызматын аркалаган.
Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинде, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында, Жогорку Кеңеште, Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинде, Борбордук шайлоо комиссиясында эмгектенген.
Мындан тышкары Президенттин жана өкмөттүн Иш башкармасына караштуу “президенттин №2 мамлекеттик резиденциясы мамлекеттик мекемесинде жана №1 мамлекеттик резиденциясы мамлекеттик мекемесинде, ошондой эле президенттин жана өкмөттүн Иш башкармасында иштеген.
Соңку убакта Президенттин администрациясында Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүндө иштеп жаткан.