АКШдан депортацияланган өзбекстандыктар Нью-Йорктон Ташкентке келишти. Алгач аларды Коста-Рика аркылуу мекенине жөнөтүү пландалган. Бул туурасында өзбек басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, АКШдагы өзбек дипломаттары өз жарандарын Нью-Йорк–Ташкент багыты боюнча мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдө ийгиликтүү жыйынтыкка жетишкен. Жалпы 7 жаран келгендиги кошумчаланат.
Белгилей кетсек, буга чейин жалпы 1 миллиондон ашык мигрант АКШдан чыгарыла тургандыгы айтылган. Алардын катарын Борбор Азиядагы бир нече мамлекеттердин жарандары да толуктайт.