АКШдан Кыргызстандын 319 жараны депортацияланат. Дагы кайсы өлкөлөр бар?

2024-жылдын ноябрына карата АКШ бийлиги ар кайсы өлкөлөрдөн келген 1 миллион 445 миң 549 чет элдик жаранды депортациялоо тизмесине киргизген. Бул туурасында АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымат боюнча, Мексиканын 252 миң 44, Гватемаланын 253 миң 413, Гандурастын 261 миң 651 жана Сальвадордун 203 миң 822 жараны ал тизмеге кирип, бул өлкөлөр азырынча лидерликте турат.

Мындан тышкары кытайлык 37 миң 908, орусиялык 3518, өзбекстандык 975, казакстандык 369, кыргызстандык 319 жаран өлкөдөн чыгарылат. Ошондой эле Тажикстандын 149 жана Түркмөнстандын 40 жараны депортацияланат.

Азыр бул чет элдик жарандар камакта эместиги айтылып, бирок аларга карата акыркы чечим кабыл алынганы кошумчаланган.

Белгилей кетсек, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп алгачкы ишин мыйзамсыз жүргөн мигранттардан өлкөнү тазалоо менен баштай тургандыгын убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан