Ташиев Баткендеги Достук айылы Тажикстанга берилип, ордуна кошумча 30 гектар жер алынганын айтты

Баткендеги Достук айылы толугу менен Тажикстанга берилип, анын ордуна кошумча Тажикстандан 30 гектар суулуу жер компенсация катары Кыргызстанга алынды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Достук айылындагы жаңы салынган үйлөргө компенсация катары суулуу Лаккон участогунан 30 гектар жер алынды. Урматтуу туугандар, Достук айылын толук бойдон Тажикстанга бердик. Себеби Достук айылы биздин айылдардан эң алыс жайгашкан. Ал жерден бизге эч кандай стратегриялык же болбосо экономикалык пайда жок. Достук айылын бердик дагы, 91 гектардын ордуна эле 91 гектар жер алдык. Бирок биз шарт койдук.

Достук айылын биз жаңыдан куруп чыкканбыз. Достук айылында жаңы үйлөр, чек ара заставабыз бар. Аларды дагы кошуп берип, компенсация катары 30 гектар жер алдык. Мен ойлойм, үйлөрдү бузса, курса боло берет. Бирок жер баасыз экенин билесиздер. Ошондуктан 30 гектар суулуу жерди Кара-Бак айылынын жанынан алдык", - деди Ташиев.

Ташиев эми Достук айылынын тургундары көчүрүлүп, жаңы алынган жерге мамлекет тарабынан үй салынып берилерин айтты.

Ташиев Достук айылы Тажикстанга берилгенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан