
Тажикстанга берилген Достук айылы Лейлек районундагы эмес, Баткен районундагы чакан Достук айылы. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы
Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал көпчүлүк Лейлектеги Достук менен Баткен районундагы Достук айылын чаташтырып жатканын билдирди.
"Тажикстан менен чек ара маселесинде Достук айылы боюнча тактоо. Айрымдар чек ара боюнча алмашылган Достук айылы тууралуу так эмес маалымат таратып, аны Лейлек районуна караштуу Достук айылы менен алмаштырып жатышат.
Бул Баткен районундагы Достук айылы жөнүндө сөз болуп жатат. Мурунку аты – Суу боюндагы Карабак. Айылдын жалпы аянты 35 гектар жана ал чакан айыл болуп эсептелет. Лейлек районундагы Достук айылына эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз", - деди Орунбеков.
Буга чейин УКМК төрагасы
Камчыбек Ташиев сүйлөшүүлөрдүн негизинде Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өткөрүлүп, ордуна Тажикстандан кошумча 30 гектар жер компенсация катары Кыргызстанга
жазылганын айткан.