Садыр Жапаров Мирбек Мамбеталиевди министр кылып дайындады

Мирбек Мамбеталиев маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри болуп дайындалдылуу президенттин администрациясы кабарлады.

Аны министр кылып дайындоо жарлыгына президент Садыр Жапаров кол койгон.

Кечээ, 26-февралда Жогорку Кеңеш анын талапкерлигин карап, министр кылып дайындоого макулдугун берген.

Мирбек Мамбеталиев 1980-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.
Буга чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалаган. Андан кийин президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болуп иштеген. Мындан тышкары Кыргызпатентте коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан