Жогорку Кеңеш Мирбек Мамбеталиевди министр кылып дайындоого макулдугун берди

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңеш маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин карап, аны жактырды.

Жыйында 72 депутат Мамбеталиевди министрлик кызматка дайындоого "макул" деген добушун берди.

Мирбек Мамбеталиев 1980-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.
Буга чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары кызматын аркалаган. Андан кийин президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн уюштуруу иштери жана региондор менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору болуп иштеген. Мындан тышкары Кыргызпатентте коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген.
Белгилей кетсек, Мамбеталиев 21-февралда маданият министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан