Марселдин соту Орусиянын башкы консулдугуна кол салган эки кишини сегиз айга абакка кести. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, иш боюнча айыпталуучулар 60 жана 48 жаштагы Жорж жана Василе Франциянын Улуттук илимий изилдөө борборунун окумуштуулары. Алар мүлккө зыян келтирген жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жасаган деген айыптар менен күнөөлүү деп табылды.
Соттолгондор жазасын абакта эмес, үй камагында, электрондук билерик тагынуу менен өтөшөт. Ошондой эле аларга жакынкы беш жылда курал-жаракка ээ болууга тыюу салынды. Прокуратура бул иш боюнча айыпталуучуларды бир жылга эркинен ажыратууну талап кылган.
Ал эми Орусиянын Марселдеги башкы консулу Станислав Оранский бул жазалоого макул эместигин билдирип, бул кылмыш террор катары бааланышы керек деген.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Франциядагы консулдугунда жарылуу болгондугу айтылган.