Бүгүн, 28-февралда эртең менен жерде магниттик бороон башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жердин магнит талаасынын бузулушунун деңгээли G1 көрсөткүчкө жетип, "алсыз магниттик бороон" деп бааланган.
“Магниттик бороон-чапкындар күн шамалынын агымы Жердин айланасы менен кагылышып, андан кийин планетанын магнитосферасы менен өз ара аракеттенгенде пайда болот.
G1 үлгүсүндөгү кубаттуулугу аз магниттик бороон акыркы алты саатка созулушу мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Дарыгерлердин билдирүүсүндө, магниттик бороон жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган адамдарга таасир этиши мүмкүн. Ошондой эле кан басымдын жогорулашына же төмөндөшүнө алып келиши ыктымал экенин айтышат.