Баш оору, уйкунун бузулушу... Адистердин магниттик бороон убагына берген кеңештери

MeteoAgent порталы 26-июлдан 29-июлга чейин Жерде 9дан 5-6-деңгээлдеги күчтүү магниттик бороон болорун билдирди.

Магниттик бороон жылына орто эсеп менен 5-6 жолу болуп, бир нече күнгө созулушу мүмкүн. Дарыгерлердин айтымында, ал олуттуу коркунуч туудурбайт, бирок ден соолугунда көйгөйлөрү бар адамдар кыйналышы мүмкүн.

Магниттик бороон деген эмне?

Магниттик бороон-чапкындар күн шамалынын агымы Жердин айланасы менен кагылышып, андан кийин планетанын магнитосферасы менен өз ара аракеттенгенде пайда болот. Магниттик бороон-чапкындардын активдүүлүгү учурунда кээ бир аба ырайына көз каранды адамдардын жана кош бойлуу аялдардын башы, жүрөгү, муундары жана бели оорушу мүмкүн. Кошумчалай кетсек, бул күндөрү өнөкөт оорулары бар жана иммунитети начар жарандар сак болушу керек.

Анын адамдарга коркунучу барбы?

Изилдөөлөрдө, бул табият кубулушу адамдарга жана жаныбарларга кандай таасир эткени жөнүндө окумуштуулардын так пикири жок. Анда магниттик бороон учурунда миокард инфарктан жана инсульттан каза болгондор кезедешет. Бул өсүш болжол менен 20 пайызды гана түзөт.

Дарыгерлердин айтымында, күндүн жарыгы бардык адамдарга терс таасирин тийгизбейт. Алар кээ бир дене системалары алсырап калган аба ырайына сезгич келген адамдарга гана таасир этет. Ал эми мындай факторлор дени сак адамдарга таасир этпейт. Күндүн жарыгынан улам магниттик талаанын бузулушунун бир нече таасирлери болжолдонууда: бул кан басымынын жогорулашы, өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшү, баш ооруу, тынчсыздануунун күчөшү жана өнөкөт оорулардын, анын ичинде аллергиянын күчөшү.

Дарыгерлердин кеңеши:

Окумуштуулар магнит талаасынын термелүүсү организмге кандай таасир этерин жетиштүү изилдей электигине карабастан, дарыгерлер басымдын көтөрүлүшүнө чыдабаган адамдарга магниттик бороон болгон убакта жөнөкөй эрежелерди сактоону сунуштайт.

Терапевт Айна Мамытова мындай убакта көчөгө көп чыкпай, суусундуктарды көп ичүүнү сунуштады. Ал бул учурда ар кандай баш оорулары күчөп, көпчүлүк учурда кан басымы барлар дарыгерлер жазып берген дары-дармектерди өз убагында калтырбай ичүү керектигин кошумчалады.

"Мындай күндөрү гипертония менен ооругандардын басымы жогорулап, ал эми гипотониялык оорулууларда тескерисинче төмөндөй турганын байкайбыз. Мындай кыйынчылыктарды жоюу үчүн гипертониялык бейтаптар сууну көбүрөөк ичиши керек. Ошондой эле бул учурда тузду колдонууну азайтуу керек. Анткени туз организмдеги суюктукту кармап турат жана басымдын жогорулашына алып келет. Мындан тышкары магниттик бороон учурунда аба ырайына сезгич адамдар жетиштүү уктап, стресстин күчөшүнөн, спорт менен машыккандан алыс болуу керек", - деди дарыгер.

Дарыгер магнтиттик бороон убагында көбүнчө төмөнкү белгилер байкаларын айтты:

- баш оору жана баш айлануу;

- кыжырдануу жана депрессиялык маанай;

- кан басымдын жогорулашы же төмөндөшү;

- уйкунун бузулушу;

- муундардын оорушу;

- апатия жана тынчсыздануу;

- себепсиз депрессия;

- жүрөк-кан тамыр системасынын бузулушу;

- өнөкөт оорулардын күчөшү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан