Садыр Жапаров шайлоо системасынын жаңы мыйзам долбоору боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаровдун кезектеги маеги "Кабар" маалымат агенттигине жарыяланды. Анда өлкө башчысы шайлоо системасынын жаңы мыйзам долбоору боюнча пикирин билдирген.

Айта кетсек, буга чейин шайлоо системасын жана тартибин өзгөртүүгө багытталган «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган.

Жапаровдун айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору кыргыз элине туура келген долбоор.

"Азыр эми бул жаңы долбоордун негизинде өлкө боюнча 30 гана округ болуп ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. 3 орундун бирөө гендердик квота боюнча берилет. Ошондо парламентте 30дан кем эмес айым-депутат болот. Эгер бара-бара шайлоолордо аялдар күчтүү болуп мандаттардын көпчүлүгүн ала башташса, анда гендердик квота эркектер үчүн колдонулат" деген президент.

Ошондой эле президент партиялык система тууралуу пикирин айтып, ага эл да, саясатчылар да даяр эмес экенин кошумчалаган.

"Бизде партиялык системага элибиз да, саясатчыларыбыз да даяр эмес экенин мезгил көрсөттү. Уйкудан эрте тургандардын баары эле партия ача салып, акчалууларды топтоп шайлоого катышмай, алдыңкы орундарды сатмай, бийлик менен соодалашмай болуп, өзүнчө эле саясий бизнес болуп кетти.

Мына биз азыр ушул саясий коррупцияны жок кылганы жатабыз. Балким 40-50 жылдан кийин биздин элибиз менен саясатчыларыбыз даяр болуп калса, андан кийин партиялык башкаруу системасына өтүшүбүз толук мүмкүн.

Бирок азырынча депутаттар сунуштап жаткан система биздин өлкөнүн кызыкчылыгына туура келет. Парламент шайлоочулардын алдында жооптуу болот" деген Жапаров.

Мындан тышкары мамлекет башчысы добуш сатып алууга аракет кылган талапкерлер мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынарын билдирген.

"Эл кимдерди шайлаш керек экенин билиши керек. Акча чачкан талапкер эч качан элдин кызыкчылыгы үчүн иштебейт. Чачкан акчасынын ордун толтуруш үчүн беш жыл бою жан үрөйт. Жеке кызыкчылыгы үчүн иштейт. Ошондуктан билимдүү, мекенчил, мыйзам жазганды билген талапкерлерге добуштарын берсе жаңылышпайт. Акча чачып добуш сатып алам деген талапкерлерди көзөмөлдөгөнгө аракет кылабыз. Бирок эл өзү да андайларды уяткарып токтотушу керек. Эл өзү да көзөмөлгө алып, бизге жардам бериши керек" дейт Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан