Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин сайтына 17-февралда коомдук талкууга коюлду.
Документте өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары белгиленген. Ошондой эле мыйзамда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралган. Депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылат.
Мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана эл өкүлдөрү Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев демилгелеген документ "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.
Буга чейин депутат Нурбек Сыдыгалиев парламент депутаттарын бир мандаттуу округдардан шайлоо системасын жокко чыгарууну сунуштаган. Анда ал бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар мандатын тапшыргандан кийин ал аймакта кайра өткөрүлө турчу шайлоолор казынага олуттуу чыгымдарды алып келип жатканын жүйө келтирген.
Белгилей кетсек, учурда өлкөдө аралаш шайлоо тутуму колдонулат. 2020-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына келген 90 депутаттын 54ү пропорционалдуу тутум менен партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланышкан.