Эркин күрөш боюнча үч жолку Олимпиада чемпиону Бувайсар Сайтиев 49 жашында каза болду. Бул туураллу ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Бувайсар Сайтиев Москвадагы ооруканалардын биринде бүгүн, 2-мартта каза болгон.
Анын эмнеден улам каза болгону айтыла элек.
Бувайсар Сайтиев эркин күрөш тарыхындагы эң атактуу балбандардын бири. Ал үч жолку Олимпиада чемпиону (1996, 2004, 2008), дүйнөнүн алты жолку чемпиону (1995, 1997, 1998, 2001, 2003, 2005), Европанын алты жана Орусиянын төрт жолку чемпиону болгон.