Ирандын президенти АКШ менен сүйлөшүүгө жогорку лидер каршы болгонун айтты

Ирандын президенти Масуд Пезешкян өзөктүк келишим жана санкцияларды алып салуу боюнча АКШ менен сүйлөшүүнү кайра баштоо ниети бар экенин, бирок буга өлкөнүн жогорку лидери Али Хаменеи каршы чыкканын билдирди. Бул тууралуу IRNA агенттиги жазды.

"Мен диалогго барганым жакшы деп ойлогом. Бирок жогорку лидер АКШ менен сүйлөшпөйбүз деп айтты", - деген ал.

Ирандын президенти өлкө бийлигинин саясаты жогорку лидердин позициясына дал келиши керектигин баса белгилеген. Ал эми Хаменеи Тегеран АКШнын достукка жатпаган аракеттерине дал өзүндөй жооп кайтарарын айтып келет.

Белгилей кетсек, Вашингтон Тегеранга өзөктүк курал өнүдүрүүсүнө кысым кылуу максатында санкцияларды киргизип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан