Валентина Шевченко франциялык мушкер менен көз караштар таймашын өткөрдү (видео)

Кыргыз мушкери Валентина Шевченко менен франциялык мушкер Манон Фиоронун UFC 315 турниринин алкагында көз караштар таймашы болду.

Эки мушкер айым Канадада өтө турган UFC 315 турниринин негизги беттешинде кез келет. Беттеш 10-майда Квебекте өтүп, UFC 315 турниринин башкы беттеши болуп калат.

Алар бул турнирдин алкагында алгач февраль айынын аягында басма сөз жыйынында жолугушкан.

Белгилей кетсек, Валентина Шевченко UFC уюмундагы акыркы беттешин былтыр, 14-сентябрда өткөргөн. Анда кыргыз мушкери мексикалык Алекса Грассону жеңип алган.

Валентина Шевченко менен франциялык мушкердин көз караштар таймашы өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан