Трамп Зеленскийдин тынчтык келишими жакын арада болбойт деген сөзүн сындады

АКШнын президенти Дональд Трамп Украина лидери Владимир Зеленскийдин “тынчтык келишимине келүүгө дагы көп убакыт керектелет” деген сөзүн сынга алды.

“Зеленскийдин бул билдирүүсү эң төмөндүк. Америка буга көпкө чыдабайт! Мен аны азырынча Американын колдоосу бар үчүн тынчтык келишимине келбейт деп айткам. Европа да Зеленский менен жолукканда АКШсыз эч нерсе кылалбастыгын айтты. Алар эмнени ойлонуп жатышат?” - деп Трамп социалдык баракчасында билдирген.

Белгилей кетсек, Улуу Британияга иш сапары менен барган Зеленский АКШ менен болгон алакасы тууралуу билдирүү таратып, бир нече багыттарга токтолгон. Ал Орусия менен тынчтык келишимине келүү дагы убакытты талап кыла тургандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан