Зеленский АКШ менен болгон алакасы тууралуу билдирүү таратты

Украина АКШ менен жер байлыктары боюнча келишимге кол коюуга даяр. Бул туурасында Украинанын президенти Улуу Британияга болгон иш сапары аяктаганда билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен жакшы мамилесин уланта тургандыгын да айткан. Ошондой эле Батыштын Украинага колдоосу улана бере тургандыгын кошумчалап, бир нече багыттарга токтолгон.

- Зеленский отставкага кетпей тургандыгын белгилеп, аны алмаштыруу кыйын экендигин айткан;

- Эгерде президенттик кызматынан кете турган болсо, Украинаны НАТОго киргизген соң ишке ашырарын белгилеген;

- Тынчтык келишимине келүү үчүн дагы убакыт бар экендигин билдирген;

- Ошол эле учурда Зеленский Батыш аскерлеринин “деңизде, жерде жана асманда” болушу коопсуздуктун кепилдиги катары каралышы мүмкүн экенин айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин Лондондо Британиянын премьер-министри Кир Стармер уюштурган Европа лидерлеринин Украина боюнча саммити өткөн. Ага АКШдан түз эле учуп барган Украина президенти Владимир Зеленский катышкан.

Ал эми буга чейин АКШ менен Украина президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу ийгиликсиз аяктаганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан