Өзбекстанда чет элдик сөздөрдү өзбекчеге которуу сунушталууда

Өзбекстандын Илимдер академиясынын Өзбек тили, адабияты жана фольклору институтунун окумуштууларынан турган жумушчу топ чет элдик терминдерди өзбекче эквиваленттерге алмаштыруу сунушун ортого салды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Тилчилер азырынча отуз чакты сөзгө өзбекче аталыш сунуштап жатышат. Тизмеде доставка (етказиш), челленж (чорлов), навигатор (йўллагич), селфи (ўзчеким), светофор (йўлчироқ), оправа (кўзойнак банди), кэшбэк (ҳадя-қайтим), повербанк (кучлантиргич), акция (ялпи ҳаракат) деген сыяктуу күнүмдүк кепте көп колдонулган башка да сөздөр бар.

Адистер коомчулукту тил тагдырына кайдыгер карабоого, улуттук альтернативаларды талкуулоого активдүү катышууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан