Сербия парламентинде чыккан жаңжалдан улам үч аял депутат ооруканага түштү 

Кечээ, 4-мартта Сербиянын парламентинде чыккан башаламандыктан үч аял депутат оорканага түшкөн жана алардын бири сегиз айлык кош бойлуу болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, ооруканада жаткан эки депутаттын абалы оор.

Белгилей кетсек, кечээ Сербиянын парламентинде оппозиция өкүлдөрү жогорку окуу жайларга жана жаштарга турак жай ссудасы боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып жаткан учурда жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышкан. Оппозиция тараптын депутаттары жыйынга бойкот жарыялап, нааразылык акциясына чыгышты.

Натыйжада эки тарап тирешип, оппозиция тарап бийликке каршы ураандар жазылган плакаттарды көтөрүшкөн жана түстүү түтүн фаерлерин күйгүзүшкөн. Ага жооп иретинде бийликтин партиясынын мүчөлөрү өлкөнүн мамлекеттик желектерин көтөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан