Сербия парламентинде жаңжал чыгып, жыйындар залы түстүү түтүнгө толду (видео)

Сербиянын парламентинде оппозициялык партиялардын депутаттары жыйынды үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып, залда түтүн фаерлерин колдонушканын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга караганда, "Солчул-жашыл фронт" партиясынын депутаты Радомир Лазович залдагы трибунага кезеги жок чыгууга аракет кылган. Аны парламенттин коопсуздук кызматкерлери токтотууга аракет кылган учурда жаңжал чыккан. Оппозиция депутаттары түстүү түтүн фаерлерди күйгүзүп, Сербиянын президенти Александр Вучичти бийликтен кулатууга чакырган баннерди көтөрүшкөн. Ага жооп иретинде бийликтин партиясынын мүчөлөрү өлкөнүн мамлекеттик желектерин көтөрүшкөн.

04.03.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан