Бүгүн, 5-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов жакында эле кандай чечилгени тууралуу маалымат берилген кыргыз-тажик чек арасындагы Ворух анклавы боюнча пикирин айтты.
Ал бул маселеде коңшу өлкө көздөгөн максатына жеткен деп эсептейт.
"Тажик тарап СССР маалынан баштап эле Ворух анклавына коридор алышты максат кылып келишкен. Алардын коридор алып, анклавды негизги территориясына кошуп алуу эң биринчи стратегиялык максаты болчу. СССРден баштап эле буга жетүү үчүн ар түрдүү аракеттерди көрүп келе жаткан. Азырынча алар транспорттук эле коридор алыптыр, эми анклавды негизги аймагына кошуш үчүн бир эле кадам калыптыр. Ал кадамды качан жасашат, муну убакыт көрсөтөт", - деди ал.
Белгилей кетсек, 27-февралда Жогорку Кеңештин беш комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча документтер каралган. Жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берип, эки өлкө кайсы тилкеде кандай макулдашууга жетишишкенин айтып берген.