Зеленский менен Трамп кайра жолугушат. Учурда күнү жана орду талкууда

АКШ Украина менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн датасын, ордун жана курамын талкуулай баштады, андан кийин Киевге аскердик жүк жеткирилиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

“АКШ Орусия менен Украинанын убактылуу же толук тынчтык келишимине келүүгө ниети бар экендигин билип алышы керек. Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин өкүнүүсү да жакшы кадам болду”, - деп билдирген ал.

Өз кезегинде Зеленскийдин кеңешчиси Дмитрий Литвин президенттин кеңсе башчысы Адрей Ермак Уолтц менен телефон аркылуу байланышкандыгын билдирди.

“Биз адилеттүү жана бекем тынчтыкка карай мындан аркы кадамдарды талкууладык. Ошондой эле Украина менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин алкагында коопсуздук жана позицияларды координациялоо боюнча пикир алышты. Биз бул маанилүү ишти улантуу үчүн жакынкы аралыкта командаларыбыз менен жолугушууну макулдаштык", - деп жазды Зеленскийдин кеңсесинин башчысы өзүнүн Telegram каналында.

АКШ менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүнү Зеленский да тастыктаган.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Украина президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу ийгиликсиз аяктаганы айтылган. Андан соң Зеленский өкүнүчүн билдирген Трампка кат жолдоп, АКШнын президенти аны алгандыгы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан