Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы менен кызматташууга умтуларын жана орус-украин чатагынын тез арада токтотулушун каалай турганын билдирди. Тиешелүү билдирүү Зеленскийдин социалдык тармактарында пайда болгондугун чет элдик басылмалар жазышууда.
“Эч ким чексиз согушту каалабайт. Украина туруктуу тынчтыкты орнотуу үчүн мүмкүн болушунча тезирээк сүйлөшүү үстөлүнө отурууга даяр. Украиналыктардай тынчтыкты чыдамсыздык менен күткөн эч ким жок. Менин командам жана мен АКШнын президенти Трамптын күчтүү жетекчилиги астында туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн иштөөгө даярбыз”, - деп калтырган билдирүүсүндө.
Зеленский Украина "согушту тез арада токтотуу үчүн иштөөгө даяр" деп ишендирди жана тынчтыкка карай биринчи кадам абада жана деңизде болуп жаткан ок атышууларды токтотуу менен, туткундарды алмашуу экендигин баса белгиледи.
Украинанын президенти Ак үйдөгү жолугушуу “күтүлгөндөй болбой калганын” мойнуна алып, буга өкүнүчүн билдирди.
“Ушундай окуянын болгону мени өкүндүрөт. Баарын оңдоого убакыт келди. Биз мындан аркы кызматташуунун жана байланыштын конструктивдүү болушун каалайбыз”, - деп кошумчалаган Зеленский. Ал Украина дагы эле кен байлыктары боюнча келишимге кол коюуга даяр экенин да кошо кеткен.
Белгилей кетсек, Вашингтондогу жолугушуудан кийин Американын президенти Трамп Зеленскийди согушту токтотууга даяр болгондо келсин деген. Ал эми аны менен катар АКШ Украинага аскердик жардамын убактылуу токтоткондугу айтылган.