Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев “Кабар” агенттигине маек куруп, ведомствонун ишмердүүлүгү боюнча актуалдуу суроолорго жооп берди.
Ал Башкы прокуратура Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде товардык-материалдык жетишсиздиктерди аныктап, кылмыш ишин козгогону боюнча да суроого жооп берген.
"Аталган кылмыш иши мен кызматка киришкенге чейинки фактылардын негизинде козголгондуктан учурда тергөө иштери улантылып, министрлик окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн укук коргоо органдары менен активдүү кызматташууда. Буга байланыштуу тергөөнүн акыркы жыйынтыгын күтүү максатка ылайыктуу деп эсептейм", - деген Сыргабаев.
Эске салсак, Башкы прокуратура 6-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Башкы көзөмөл органы министрликтин жооптуу сактоосунда турган мобилизациялык резервиндеги 567 миллион сомдон ашык өзгөчө ири өлчөмдөгү товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталганын белгилеген.