Транспорт министри депутаттар текшерсе деле жашыра турган эч нерсе жок экенин айтты

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Жогорку Кеңеште ал жетектеген министрликтин ишин текшерүү үчүн түзүлмөй болгон комиссияга көз карашы түз экенин айтты.

Ал “Кабар” агенттигине курган маегинде жашыра турган эч нерсе жок экенин белгилеген.

"Транспорт жана коммуникациялар министрлиги – бул мамлекеттик орган жана ал өз ишмердүүлүгүн ачык жүргүзөт. Башка ведомстволордун катарында эле текшерүү иштери тийиштүү мекемелер тарабынан бизде дагы байма-бай жүргүзүлүп келет. Ал эми министрликтин жана ага караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн түзүлө турган депутаттык комиссияга көз карашыбыз түз жана жашыра турган эч нерсе жок экенин белгилейм. Ошондой эле министрлик тарабынан жүзөгө ашып жаткан ири жана кичи долбоорлор, каржы маселелери, түзүмдүк бөлүмдөр кандай жумуш алып барып жатканы тууралуу маалыматтар ЖМКлар, ведомствонун расмий сайты жана социалдык тармактагы баракчалар аркылуу коомчулукка ачык-айкын жеткирилип турат", - деген Сыргабаев.

Белгилей кетсек, 4-мартта парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Транспорт министрлигиндеги кошумча түзүмдөрдүн ишин текшерип чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан