
12-13-март күндөрү Бишкектин жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул туурасында ЖКККББынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, чектөөлөр Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун мамлекеттик иш сапары менен келишине байланыштуу киргизилген.
Маал-маалы менен киргизилген чектөөлөрдүн даректери:
– «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
– Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
– Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
-«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.
"Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда, жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоону, оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турууну жана жалпы айдоочулардан жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, жол эрежелерин так сактоого чакырабыз. Эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет", - деп айтылган маалыматта.