Сауд Арабиясынын Жидда шаарында украиналык жана америкалык делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, сүйлөшүүлөргө Украина тараптан президенттик аппараттын жетекчиси Андрей Ермак, тышкы иштер министри Андрей Сибига, коргоо министри Рустем Умеров жана президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Павел Палиса катышууда.
Америкалык делегациянын курамында мамлекеттик катчы Марко Рубио жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолц бар.
Украинанын президенти Владимир Зеленский дагы Сауд Арабиясында экендигин басылмалар белгилешүүдө. Бирок ал буга чейин сүйлөшүүлөргө катышпай тургандыгын айткан.
Жиддадагы жолугушуунун алдында Рубио сүйлөшүүлөр Американын Киевге аскерий жардамын кайра баштоо үчүн “ачкыч” болорун айтты. Ал ошондой эле Кошмо Штаттар дагы деле жаратылыш ресурстары боюнча келишим түзүүгө үмүт артып жатканын, бирок Сауд Арабиясындагы жолугушууда бул боюнча макулдашуу болор же болбосу белгисиз экендигин айткан.