Украина менен АКШнын сүйлөшүүлөрү кайсы өлкөдө боло тургандыгы белгилүү болду

Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясына мураскор ханзаада Мухаммед бир Салман менен жолугушууга барат. Андан соң АКШ менен сүйлөшүүлөрдү украин делегациясы лидерсиз өздөрү жүргүзөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин Fox News телеканалы өз булактарына таянып, Киев менен Вашингтондун сүйлөшүүлөрү 11-мартта Эр-Риядда башталарын кабарлаган.

Анда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, президенттин коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц, Жакынкы Чыгыш боюнча Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф бара тургандыгы айтылган. Ал эми Украина тараптан президенттин администрация башчысы Андрей Ермак менен коргоо министри Рустем Умеров катыша тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

Бул арада Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Жиддада же Эр-Риядда украин делегациясы менен АКШнын өкүлдөрү жолугушу мүмкүндүгүн тастыктап, бирок кайсы күнү боло тургандыгын айткан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан