"Парламентсиңерби же эмнесиңер?" Депутаттар Султанбай Айжигитовго сүйлөө үчүн убакыт бербей коюшту (видео)

Бүгүн, 12-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов "Ыйман нуру" фракциясынан чыгарылышы боюнча пикирин билдирүү үчүн 10 мүнөт убакыт сурады.

Сунуш добушка коюлуп, каттоодон өткөн 84 депутаттын 20сы "макул" болсо, 14ү "каршы" берди. Калган эл өкүлдөрү добуш бербей коюшту. Жыйынтыгында сунуш колдоо тапкан жок.

Буга нааразы болгон Айжигитов кесиптештерин сынга алды.

"Мен таң калам да. Эми мага сөз дагы бербейсиңерби, муну кандай түшүнсө болот? Бул парламентпи же нотариалдык конторабы? Сөз берип койгула да, мен өзүмдүн фракциядан чыгып кеткеним жөнүндө билдирүү кылып коёюн деп жатам, андан башка эч нерсе айтпайм, чек араны да, башканы да. Мага өзүмдүн оюмду айтып коюуга уруксат бербейсиңерби?

Парламентсиңерби же эмнесиңер? Депутатсыңарбы же кимсиңер? Мен түшүнбөй калдым. Азыркы ишиңер баш мыйзамга, регламентке, депутаттын статусу жөнүндөгү мыйзамга каршы болуп жатат. Уялбайсыңарбы, бет деген барбы?" - деген эл өкүлү сунушун дагы бир жолу добушка коюуну суранды.

Бирок парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу сунушту экинчи жолу добушка коё албастыгын билдирди.

"Рахмат, рахмат. Бул деген жалпы чечим. Биз чечимди сыйлашыбыз керек, экинчи жолу добушка койбойм. Рахмат, отуруңуз, ишти баштайбыз", - деди Тургунбек уулу.

Эске салсак, Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңештин 5-марттагы жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча жасаган билдирүүсүнөн кийин ошол эле күнү "Ыйман нуру" фракциясынан чыгарылган.

ЖК 12.02.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан