Депутат Султанбай Айжигитов “Ыйман нуру” фракциясынан чыгарылды

Жогорку Кеңештеги “Ыйман нуру” фракциясы бүгүн, 5-мартта кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу билдирүүсүнөн кийин депутат Султанбай Айжигитовду фракциядан чыгарды. Бул тууралуу Азаттык сайты жазды.

Андагы маалыматка караганда, фракциянын кезексиз жыйында Динара Ашимова, Эрнис Айдаралиев, Винера Раимбачаева Султанбай Айжигитовду “Ыйман Нурунан” чыгарууну колдоду. Замирбек Мамасадыков калыс болуп, Султанбай Айжигитов өзү каршы добуш берди.

“Султанбай Айжигитов фракциянын саясий позициясына туура келбеген ойду айтты. Себеби, биз концепцияны (ред: чек арага байланыштуу) талкуулаган учурда Султанбай Айжигитов “Толук колдойм. Менин сунуштарым кабыл алыныптыр” деп сүйлөгөн. Депутат ар бир сөзүн анализ кылып туруп сүйлөш керек”, - деген фракциянын лидери Динара Ашимова.

Бул боюнча Ашимованын өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Айжигитов фракциянын чечимине комментарий берген жок. Эл өкүлү фракциядан чыгарылганы менен эркин депутат катары ишин уланта берет.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Баткендеги Достук айылын алмашуу чечимин туура эмес деп эсептей турганын билдирип, Достук айылынын Кыргызстан үчүн стратегиялык маанисине токтолду. Ал Кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча азыр сунушталып жаткан документ бекитилсе Тажикстан Ворух анклавына коридор алат деп эсептейт.

Эл өкүлү Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоору менен толук таанышып чыкканын айтып, ага өзүнүн сунуштарын берди.

Эске салсак, 27-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоонун алкагында кайсы аймактарды алмашканын парламентте айтып берген. Жогорку Кеңештин беш комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча макулдашуу долбоорлору каралып, аны депутаттар бир добуштан колдогон.

Бул документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, ага президенттер кол койгондон кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан