АКШ Польша аркылуу Украинага аскердик жардамын жөнөтө баштады. Бул тууралуу Польшанын коргоо министринин орун басары Павел Залевский бүгүн, 12-мартта X социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Биз Ясенкадагы POLLOG HUB (логистикалык борбор) аркылуу Украинага америкалык куралдарды ташууну кайра баштадык", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-марттагы Сауд Арабиядагы жолугушуудан кийин АКШ жана Украина делегацияларынын өкүлдөрү биргелешкен билдирүү жарыялашкан. Анда алар АКШ Украинага аскердик жардамын кайра баштай турганын жана Украинадагы сейрек кездешүүчү металлдарды АКШга жеткирүүнү тездетүүгө макулдашышканы айтылган.