Саламаттык сактоо министрлиги бюрократизмди азайтуу боюнча жыйын өттү

Саламаттык сактоо министрлиги көрсөтүлгөн кызматтарды бюрократизмден арылтуу боюнча масштабдуу иштерди баштады. Бул туурасында кеңешмеде маалым болгонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, анын алкагында үч негизги багыт боюнча иш-аракеттерди талдоо жана оптималдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

"Алар бизнес менен иштөөдөгү бюрократиялык тоскоолдуктар, калкты тейлөөдөгү бюрократия жана министрликтин ичиндеги бюрократия.
Бюрократизмди жоюу боюнча иштер медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга, ашыкча процедураларды кыскартууга жана жарандардын саламаттыкты сактоо системасы менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыгып, Министрлер кабинети министрликтерди чогултуп чоң жыйын өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан