Бүгүн, 10-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кыргызстандагы мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" президентинин жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул туурасында президенттик администрациясынан билдирди.
Маалымдалгандай, жыйындын жүрүшүндө ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюуга, чечимдерди кабыл алуу процесстерин тездетүүгө жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформалардын жаңы этабы жарыяланды.
Жарлыкка ылайык 1-октябрга чейин Юстиция министри Аяз Баетов Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун (СДУИ) директору болуп, бир эле убакта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын статусу ыйгарылды. Бул чечим СДУИге мамлекеттик башкаруунун реформаларын координациялоо боюнча кеңири ыйгарым укуктарды берет жана бардык мамлекеттик институттардын деңгээлиндеөзгөртүүлөрдү тез арада ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Жыйындын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев бул кадамдын маанилүүлүгүн белгиледи.
"Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча мамлекеттик башкарууну реформалоонун жаңы, фундаменталдык этабын баштайбыз. Бул жөн эле кезектеги демилге эмес – бул өлкөбүздөгү бардык өнүгүү процесстерин тездетүүгө багытталган чечкиндүү, ал тургай, радикалдуу кадам. Дүйнө тездик менен өзгөрүүдө, мамлекеттер глобалдык атаандаштыктын жаңы этабына киришти. Кыргызстан бул чакырыктарга жооп бериши керек жана биздин негизги милдетибиз – экономиканы, мамлекеттик башкарууну жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө кубаттуу түрткү берүү үчүн Президенттин реформаларын ишке ашырууга тоскоолдук кылгандардын бардыгын жоюу", - деди төрага.
Реформанын негизги багыттары катары төмөнкүлөр белгиленди:
- мамлекеттик органдардын аудити – бири-бирин кайталаган жана натыйжасыз түзүмдөрдү аныктоо жана жоюу.
- ченемдик укуктук базаны оптималдаштыруу – ашыкча жөнгө салууну жоюу.
- процесстерди санариптештирүү – мамлекеттик кызматтарды автоматташтыруу жана бюрократиялык процедураларды кыскартуу.
- мамлекеттик функцияларды аутсорсинги – айрым кызматтарды жеке секторго өткөрүп берүү.
- мамлекеттик аппараттын натыйжалуулугун жогорулатуу –чыгымдарды азайтуу жана башкаруу чечимдерин кабыл алууну тездетүү.
Белгилей кетсек, бул реформаларды ишке ашыруу президенттин жана Министрлер кабинетинин төрагасынын жеке көзөмөлүндө боло тургандыгы айтылды.