Бишкекте дагы эки ымыркай 9-кабаттан кулап каза болду

Бишкек шаарында 2 жана 4 жаштагы балдар көп кабаттуу үйдөн кулап каза болушту. Мындай маалыматты Ленин райондук ички иштер бөлүмү кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, кечээ, 16-март күнү саат 16:24 чамасында 102 кызматына Үмөталиева көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 2 бала 9-кабаттан кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге дароо ыкчам-тергөө тобу барган.

Милиция кызматкерлери 9-кабаттан 2021-жылы жана 2023-жылы туулган балдар кулаганын, алар алган жаракаттарынан улам ошол жерден каза болушканын аныктаган.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, ушул эле күнү Бишкектеги 7-кичи райондо 6 жашар бала көп кабаттуу үйдөн кулап каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан