Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинин Масалиев жана Семетей көчөлөрүнө чейинки аралыгы ондоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылды. Бул туурасында милициянын кайгуул кызматы эскертти.
Маалымдалгандай, Масалиев жана Семетей көчөлөрүнүн Айтматов проспектиси менен кесилишкен жерлери унаа кыймылдары үчүн ачык болот.
Андыктан №8 жана №55 автобустардын кыймылы өзгөрүп, Баха тарапка убактылуу жылдырылгандыгы маалыматта кошумчаланган.