Бишкек шаарында Чынгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу №55, №56 жана №8 автобус маршруттарынын кыймыл схемалары өзгөртүлдү. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
- №55 автобусунун кыймыл багыты төмөнкүдөй өзгөртүлдү: Д. Садырбаев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү.
- №8 автобустун кыймыл багыты: И. Ахунбаев көчөсү – Тыналиев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Д. Садырбаев көчөсү.
- №56 автобусу А. Масалиев жана Д. Садырбаев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
Мэрия шаар тургундарын алдын ала жол каттамдарын пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Чыңгыз Айтматов проспектисинин бир бөлүгү ремонт иштерине байланыштуу жабылганы
айтылган.