Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамптын телефондук сүйлөшүүсүнө даярдык негизинен Украинага багытталган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин Трамп менен сүйлөшүү алдында күн тартибиндеги кээ бир темалар боюнча маекти даярдап жатат.
"Сүйлөшүүдө негизги тема, албетте, Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси болот", - деп белгилеген ал.
Буга чейин америкалык лидер орусиялык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүүнү пландап жатканын жарыялаган. Ал аны менен аймактар, атомдук электр станцияларын жана башка мүлктөрдү көзөмөлдөө маселелерин талкуулоону пландап жатканын билдирди.