Трамп менен Путин качан сүйлөшө турганы белгилүү болду 

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин менен Американын убактысы боюнча шейшемби күнү эртең менен сүйлөшүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Эртең эртең менен президент Путин менен Украинадагы согуш тууралуу сүйлөшөм", - деп жазган Трамп.

Ошондой эле Трамп Украина менен Орусиянын ортосундагы согуш жакын арада токтошу керек экенин билдирген.

"Миңдеген жаш жоокерлер, жай тургундар каза болууда. Эки тарап тең жума сайын эки жарым миңдей жоокеринен айрылууда. Бул нерсе азыр токтошу керек. Мен президент Путин менен сүйлөшүүнү чыдамсыздык менен күтөм", - деген Трамп.

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин Трамп менен сүйлөшүү алдында күн тартибиндеги кээ бир темалар боюнча маекти даярдап жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан