Казакстандын Астана шаарындагы үйлөрдүн бириндеги лифтте 14 жаштагы өспүрүмдүн кол салуусунан жаракат алган 5 жаштагы баланын апасы уулунун абалы тууралуу айтты. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Анын айтымына караганда, учурда баланын бетинин сол тарабы кыймылсыз бойдон калып, дарылануусун улантып жатат.
"Бетинин сол тарабы кыймылсыз. Дарыгерлер калыбына келүү үчүн убакыт талап кылынат дешти. Кошумча операция тууралуу азырынча эч нерсе айта албайт. Кандай болуп калыбына келери бир жылдын ичинде белгилүү болот экен", - деген апасы.
Эскерте кетсек, 11-февралда Астана шаарындагы турак үйлөрдүн бириндеги лифтте 14 жаштагы өспүрүм 5 баштагы балага бычак менен кол салган. Аталган окуянын видеосу байкоочу камерага түшүп калып, социалдык тармактарга тараган.
Видеодон өспүрүм баланын бет тарабына бир нече жолу бычак сайып жибергенин көрүүгө болот.
Ал эми кол салган 14 жаштагы өспүрүм психикалык ооруканада каттоодо турганы маалым болгон. Анын мыйзамдуу өкүлдөрү милицияга чакырылып, алар тарбиялык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартыла турганы айтылган.
Ал эми бугай чейин Астана ШИИБдин Нура райондук ички иштер бөлүмү сотко чейинки тергөө иштери башталганын билдирген. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренесинин 3-бөлүгү "Ден соолукка зыян келтирүү үчүн атайын ыңгайлаштырылган буюмду колдонуу менен жасалган бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголгону айтылган.