"2 айда үчүнчү жетекчи". Ошто Жашылдандыруу ишканасынын башчысы кайрадан алмашты

Ош шаарындагы Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын башчысы алмашты. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 28-февралда дайындалган Нурсултан Шакир уулу өз арызынын негизинде кызматынан бошотулуп, анын ордуна Азамат Советбек уулу дайындалды. Тиешелүү документтерге шаар мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 18-мартта кол койгон.

Советбек уулу буга чейин аталган комбинаттын басма сөз бөлүмүндө жана башчынын орун басары кызматында эмгектенип келген.

Айта кетсек, Токторбаев жаңы мэр болуп дайындалгандан бери аталган ишкананын жетекчиси үчүнчү жолу алмашып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан