Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага мындан аркы аскердик жардам көрсөтө турганын билдиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, эки өлкө лидери кечээ, 18-мартта Берлинде сүйлөшүү өткөрүшкөн.
"Экөөбүз тең Украина бизге, Европага таяна алат деген пикирдебиз. Биз аны кыйын учурда таштабайбыз", - деген Шольц сөзүнүн аягында.
Ошондой эле Германиянын канцлери АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин телефондук сүйлөшүүсү боюнча комментарий берип, сүйлөшүүлөрдүн аягында жарыяланган энергетикалык инфраструктурага кол салууларды токтотуу маанилүү кадам экенин, бирок эки өлкөнүн максаты ок атышпоо болушу керектигин айткан. Ал эми Макрон дагы ошондой эле пикирин билдирген.
Белгилей кетсек, кечээ, 18-мартта Трамп менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү эки саатка созулуп, анда бир нече маселелер талкууланган.