АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсү эки саатка уланып, жыйынтыкталды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Кремль сүйлөшүүлөрдүн багытын ачыктап, негизгилерге токтолду.
- 19-мартта Орусия менен Украинаны ортосунда тутукундарды алмашуусу болот. Анда эки тараптан тең 175тен туткун бошотулат;
- Путин энергетикалык инфраструктурага кол салуудан 30 күн бою өз ара баш тартуу демилгесине оң жооп берди;
- Путин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуунун негизги шарты катары Киевге аскердик жардамды толугу менен токтотууну атады.
- Путин Трампка Орусия украин аскерлери Курск аймагында багынып беришсе, алардын жашоосуна жана аларга татыктуу мамилеге кепилдик берерин ырастады;
- Орусия менен АКШ украиналык жөнгө салуу боюнча эксперттик топторду түзөт;
- Орусия оор жарадар болгон 23 украин аскерин Киевге өткөрүп берет;
- Путин Трампка Украинада туруктуу болушу керек болгон жөнгө салуунун жолдорун биргелешип иштеп чыгууга даяр экенин айтты;
- Эки тараптуу кызматташууну күчөтүү;
- Путин менен Трамп Иранды талкуулады жана Тегеран Израилди жок кылуу менен коркутуусуна каршы чыкты;
- Трамп Путиндин АКШ менен Орусияда хоккей боюнча оюнчулар ортосунда беттеш өткөрүү идеясын колдоду.