Украинадагы ок атышпоо боюнча АКШ менен Орусия сүйлөшүүлөрү жекшемби күнү, 23-мартта Сауд Арабиясында өтөт. Бул тууралуу АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.
Ал сүйлөшүүлөр Жидда шаарында болорун тактады.
"Албетте, биз кээ бир деталдарды иштеп чыгышыбыз керек. Ал жекшемби күнү Жиддада башталат", - деген ал.
Уиткофф сүйлөшүүгө АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана мамлекеттик катчы Марко Рубио катышарын кошумчалаган.
Буга чейин Жидда шаарында Вашингтон менен Киевдин өкүлдөрү жолугушкан. Ал эми февраль айында Сауд Арабиясынын борборунда АКШ менен Орусия делегациясы сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.