Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.
Талкуу учурунда депутат Балбак Түлөбаев мыйзамда көрсөтүлгөн шайлоо күрөөсүнүн суммасын түшүрүү керектигин айтты.
"9 миллион сом саясий партиялар үчүн эмне деген чоң акча. Саясий партиялар 9 миллион эмес, 1 миллион сомду араң табат. Бул деген партияларды өлтүүрү деген сөз. Чоң партиялар келип алат, анан майдалар шайлоого катыша албай калат. Мындан тышкары бир талапкер үчүн 300 миң сом көп. 300 миң сомду табуу аймакта жашагандар үчүн кыйын", - деди ал.
Жыйында эл өкүлдөрүн аталган мыйзам менен тааныштырган долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов Түлөбаевге шайлоо күрөөсүнүн суммасын ал мүчө болгон "Ынтымак" фракциясынын лидери Марлен Маматалиев сунуштаганын билдирди. "Демек, "сиздерди бай фракция" деп, биз колдодук да", - деди.
Балбак Түлөбаев депутат катары өз пикирин билдиргенин белгилеп, башка партияларга да мүмкүнчүлүк түзүп берүү керектигин айтты. Маматалиев өзүн-өзү көрсөткөн талапкер 300 миң сом күрөө төлөөрүн, ошондо саясий партия деле 30 округ боюнча 30 талапкер чыгарса 9 миллион сом болорун айтып түшүндүрдү.
Мыйзамдын дагы бир демилгечиси, парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мурдагы жылдарга салыштырмалуу инфляция өскөнүн белгилеп, азыркы күрөө суммасы мурдагы шайлоолордогу талапкерлердики менен бирдей эле болуп каларын айтты.
"2005-жылы бир мандаттуу шайлоо окуругунда шайлоо күрөөсү 30 миң сом болгон. Эми андан бери 20 жыл өттү да, бүгүнкү 300 миң сом ал убактагы 30 миң сомдон арзан... Ал эми партиялар боюнча, эгер бир партиянын талапкерлери 10 округдан койсо 3 миллион сом эле төлөйт. 5 округдан болсо 1,5 миллион эле төлөйт. Анан 30 окуругдан бирден талапкер чыгара турган болсо, демек, ал күчтүү саясий партия", - деди спикер.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору 17-февралда коомдук талкууга чыккан болчу. Анда өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары белгиленген. Ошондой эле мыйзамда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралган. Депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп таанылат.
Мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана эл өкүлдөрү Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Төлөнов, Жумабек Салымбеков, Чыңгыз Ажибаев демилгелеген документ "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.
Бүгүнкү күндө өлкөдө аралаш шайлоо тутуму колдонулат. 2020-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына келген 90 депутаттын 54ү пропорционалдуу тутум менен партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланышкан.