Бүгүн, 20-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент депутаттарын шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында эл өкүлдөрүн документ менен долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Улан Примов тааныштырды. Ал мыйзамда өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык тутум менен анын ар биринен көп добуш алган үч талапкер, жалпы 90 талапкер Жогорку Кеңешке шайланары жазылганын билдирди. Ошондой эле Примов мыйзамда аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүү каралганын белгилеп, депутаттык мандатка ат салышкан талапкерлердин добуштары бирдей болуп калган учурда каттоо үчүн документтерин эрте берген талапкер жеңүүчү деп тааныларын кошумчалады.
Мындан тышкары мыйзамда талапкер саясий партиянын тизмеси же жеке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен катыша алары көрсөтүлгөн. Талапкер 25 жашка чыккан болушу керек жана жогорку билими бар, акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны болуусу шарт. Ал эми депутаттын орду бошогондо кайра шайлоо өткөрүлбөстөн, ошол округдан добуш боюнча кийинки орунду алган талапкерге мандат берилет. Аялдын ордуна аял гана келет.
Талкуу учурунда депутат Дастан Бекешев көп мандаттуу болгон соң бир окуругдан 3 талапкерге добуш берүү керектигин баса белгиледи. Кесиптешинин пикирин Жанар Акаев да колдоого алып, бир талапкерге гана добуш берүү бир мандаттуу шайлоо системасынын нормасы болуп саналарын эске салып, ошондуктан бир окуругдан 3төн депутат шайланып жаткандан кийин 3 талапкерге добуш берилиши керектигин билдирди. Өз кезегинде буга каршы болуп, мыйзамда көрсөтүлгөн, тагыраагы, бир окуругдан бир гана талапкерге добуш берүү туура экенин колдогон эл өкүлдөрү да болду.
Жанар Акаев азыркы аралаш шайлоо системасы жакшы натыйжа берип жатканын белгилеп, эми бардык депутаттар окуругдардан шайланып келсе парламенттин деңгээли түшүп калат деген пикирин ортого салды. Депутат Эмил Токтошев да окуругдан шайланып келгендер айылдын маселесин гана көтөрүп каларын айтып, парламентте мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйлөр айтылбай калат деген кооптонуусун ачыктады.
Депутат Балбак Түлөбаевди болсо сунушталып жаткан мыйзамдагы шайлоо күрөөсүнүн суммасынын көптүгү таң калтырды. Ал арада эл өкүлүнө демилгечилер барылап, күрөөнү эсептеп, чечмелеп түшүндүрүүгө аракет кылышты. Мындан тышкары талкууда Арсланбек Эгембердиев аялдарга бөлүнгөн квота тескерисинче теңсиздик экенин, анткени аялдардан көп добуш алган эркек талапкерлердин укугу корголбой каларын айтып чыкты. Бул пикир да чоң талкуу жаратты. Анда бөлүнгөн квотаны айым депутаттар эле эмес, бир топ эл өкүлдөрү колдоого алышты. Жанар Акаев мунун мыйзамдагы жалгыз артыкчылык гана деп карады.
Чоң талкуудан соң мыйзам долбоору добушка коюлуп, каттоодон өткөн 83 депутаттын 79у "макул" десе, 1 эл өкүлү "каршы" берди. Жыйынтыгында документ колдоо тапты.
Белгилей кетсек, аталган мыйзам 17-февралда коомдук талкууга чыккан болчу. Анда, жогоруда айтылгандай, бир катар өзгөрүүлөр бар. Учурда өлкөдө аралаш шайлоо тутуму колдонулат. 2020-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына келген 90 депутаттын 54ү пропорционалдуу тутум менен партиялык тизме аркылуу, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланышкан.