UFC уюмунун мурдагы эки жолку чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор Ирландиянын президенттигине талапкерлигин коюу ниетин билдирип, мекендештерин шайлоодо ага добуш берүүгө чакырды.
"Ирландия, тандоо сеники жана бул жөнөкөй. Мага президенттик шайлоодо добуш бер, ошондо биз Ирландияны бирге сактап калабыз!” – деп жазды Макгрегор социалдык тармактардагы баракчасына.
Конор Макгрегор 36 жашта. Ирландиялык мушкер 2021-жылдын июль айында UFC 264 турниринде америкалык Дастин Порьеге биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңилгенден бери октагонго чыга элек. Жалпысынан анын профессионалдык рекорду – 22 жеңиш жана 6 жеңилүү.
Ал 18-мартта АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугушкан.