Жеңил салмактагы UFC уюмунун мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугуп, кол алышып учурашты.
Алардын жолугушуусу жыл сайын 17-мартта, Ирландияда белгиленүүчү Ыйык Патрик күнүнө карата уюштурулган.
Макгрегор администрациянын башка мүчөлөрү менен да жолугуп, Ирландиянын азыркы өкмөтүн сынга алган сөз сүйлөгөн.
Конор Макгрегор 36 жашта. Ирландиялык мушкер 2021-жылдын июль айында UFC 264 турниринде америкалык Дастин Порьеге биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңилгенден бери октагонго чыга элек. Жалпысынан анын профессионалдык рекорду – 22 жеңиш жана 6 жеңилүү.