Газада акыркы 72 саатта 600гө жакын палестиналык набыт болду

Израилдин соккусунан улам Газа тилкесинде акыркы 72 саатта 600гө жакын палестиналык набыт болду. Бул тууралуу Al Jazeera телеканалынын маалыматына таянып ТААС агенттиги жазды.

Анда Израилдин абадан жана кургактан чабуулдары улам күчөп, натыйжада анклавда каза болгондордун саны өсүп жатканы белгиленген.

Белгилей кетсек, Израил 18-мартка караган түнү Газа тилкесине массалык соккуларды баштаган. Буга ХАМАС кыймылы тынчтык келишимин узартуудан баш тартканы себеп болгону айтылган.

Израил менен ХАМАСтын ортосунда ок атышпоо келишими 19-январдан 1-мартка чейин күчүндө болду. Макулдашылган келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин эки тараптын ортосунда аны кайрадан узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан